Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. Тике карай албоо (көбүнчө бир нерседен тартынып уялган же өзүн күнөөлүүдөй сезип кысылган абалга карата). Асан айбыгып башын жерге салды («Ала-Тоо»). Ошондо гана үйдөгүлөр жапырт башын жерге салып кызарып кеткен Асылбекти ... карап калышты (Абакиров). 2. Капа болгон, көңүлү чөккөн, сабыры суз абалда шылкыйып төмөн кароо, баш көтөрбөө. Кибиреп ушул да капаны сезгенсип, башын жерге салыптыр (Жусупов). Анын үшкүрүгү отургандарга муздак шамалдай бир тийип, баары башын жерге салып калышты (Абдукаимов). Салый менен Эсир башын жерге салып, түнөрүп үйгө киришти (Осмоналиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Тике карай албоо (көбүнчө бир нерседен тартынып уялган, же өзүн күнөөлүүдөй сезип кысылган абалга карата). Асан айбыгып башын жерге салды («Ала-Тоо»). Ошондо гана үйдөгүлөр жапырт башын жерге салып кызарып кеткен Асылбекти карап калышты (Абакиров). 2. Капа болгон, көңүлү чөккөн, сабыры суз абалда шылкыйып төмөн кароо, баш көтөрбөө. Кибиреп ушул да капаны сезгенсип, башын жерге салыптыр (Жусупов). Анын үшкүрүгү отургандарга муздак шамалдай бир тийип, баары башын жерге салып калышты (Абдукаимов). Салый менен Эсир башын жерге салып, түнөрүп үйгө киришти (Осмоналиев). В.: Башын салаңдатуу. Башын салаңдаткан бойдон менин жанымдан акырын өтүп кетти («Советтик Кыргызстан»). Энесинин өлгөндүгүнө бир жыл болгондугун эстеп, баятан бери Бүкөш башын салаңдатып отурат («Ала-Тоо»). Башын салуу. Бир кедей басып барды башын салып, Далайга оозу барбай заарканып (Маликов).